Чавушоглу ЕБ менен ИКУну Кудус маселеси боюнча Стамбулда форум өткөрүүгө чакырды

Түркия, Европа Биримдиги (ЕБ) менен Ислам Кызматтыштык Уюмунун (ИКУ) ортосунда Палестина жана Кудус маселеси каралды.

959924
Чавушоглу ЕБ менен ИКУну Кудус маселеси боюнча Стамбулда форум өткөрүүгө чакырды

Түркия, Европа Биримдиги (ЕБ) менен Ислам Кызматтыштык Уюмунун (ИКУ) ортосунда Палестина жана Кудус маселесинин каралышына карай, Стамбулда бир форум өткөрүү сунушун кылды.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги ЕБнин тышкы байланыштар кызматында ИКУ Саммитинин кезектеги жетекчиси жана аткаруу комитеинин төрагасы сыпаты менен ЕБнин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини, ИКУнун баш катчысы Юсуф бин Ахмед аль-Усейми жана Палестинанын тышкы иштер министри Рияд аль-Малики менен жыйналыш өткөргөндөн кийин басма сөзгө маалымат берди.

Жыйналыштын абдан түшүмдүү өткөнүн жана туура убактагы жыйналыш болгонун белгилеген Чавушоглу. «ЕБ жана ИКУ катары туш болушкан маселелерди жана темаларды карап чыктык. Булардан бирөө Палестина жана Кудустун статусу жана АКШнын Кудусту Израилдин борбор шаары катары таануу чечимине карата эмнелерди кыла ала турганы. Айрыкча, Палестинада гуманитардык жардамдардын арттырылышы жана АКШнын токтотуп койгон жардамдарынын толкуталышы үчүн эмнелерди аткара алабыз, буларга токтолдук»,-деп айтты.

Чавушоглу, ЕБ жана Түркиянын эки мамлекеттүү чечим табууну жактаганын тастыктаганын белгилеп, «ЕБ жана ИККнун ортосунда Палестина жана Кудус маселесинин каралышына карата күзүндө балким БУУнун баш катчысынын жыйналышынан кийин Стамбулда форум өткөрүлүшү сунушун кылдык. Принцип катары ЕБ буга жылуу карайт»,-деди.



Тектеш кабарлар