Түркиядагы шайлоонун календары

Жогорку Шайлоо Кеңеши шайлоонун календарын билдирди.

959316
Түркиядагы шайлоонун календары

24-июнда өтө турган парламенттик жана президенттик шайлоолор үчүн чет өлкөдөгү добуш берүү процесси 7-июнда башталып, 19-июнда аяктайт.

Жогорку Шайлоо Кеңеши шайлоонун календарын билдирди.

Буга ылайык, чет өлкөдө жашаган түрк атуулдары үчүн добуш берүү мөөнөтү 7-июндан тарта 12 күн деп белгиленди.

Ушундайча чет өлкөдөгү шайлоочулар 19-июнга чейин өз добуштарын бере алышат.

Шайлоонун календарына караганда, президенттик үчүн талапкер көрсөтүү күндөрү болсо 4-9-май.

11 партия катыша турган парламенттик шайлоодо эл өкүлдөрүнүн талапкер тизмелери үчүн да 21-май деп белгиленди.

Жогорку Шайлоо Кеңеши, шайлоонун календарын жарыялаш үчүн Расмий гезитке жөнөттү.



Тектеш кабарлар