Греция кризис жарата турган кыймылдардан алыс болуусу керек

Өкмөт башчы Йылдырым, Стамбулда катышкан: «Референдумдан 1 жыл кийин Президенттик өкмөт башкаруу системасы» темалуу диспуттан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

952624
Греция кризис жарата турган кыймылдардан алыс болуусу керек

Премьер-министр Бинали Йылдырым, жума күнү Айдындын Дидим районуна жакын жердеги Хүршид жарчасына сайылган Грециянын желегинин алып ташталганын айтты.

Өкмөт башчы Йылдырым, Стамбулда катышкан: «Референдумдан 1 жыл кийин Президенттик өкмөт башкаруу системасы» темалуу диспуттан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Грецияга кайрылган Йылдырым: «Коңшубуз Грециянын Эгей деңизинде убак-убагы менен чыңалууну күчөтүүгө карай айрым акцияларынын болгону маалым. Акыркы убактарда мындай бузуулардын көбөйгөнү байкалууда. Эгей деңизинде ээлиги белгисиз жар бөлүкчөлөрү бар. Буларга карай (1996-жылы) Кардак жарчаларына окшогон аракеттер болгонун көрүүдөбүз. Дидимдин ачык жериндеги Антрофотос жарчасына (Хүршид жарчасы) Грециянын желегин саюу аракети болду. Жээк коопсуздугунун топтору керектүү бөгөттү коюп ал жерден желекти алып таштады»,-деди.

Йылдырым: «Биздин сунушубуз Грецияга жакшы коңшулук карым-катнаштарына баш ийип, чыңалууну күчөтө турган провокациялардан, козутуулардан алыс туруу. Коңшулук укугуна ылайыктуу кыймыл кылышы. Өлкөбүздүн эгемендик укуктарынан баш тарта турганыбызды эч кимдин ойлобоосун күтүүдөбүз. Бул багытта жасала турган актыларга керектүү жоопту кайтарууга даярбыз»,-деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да, борбор шаар Анкарага келген НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен бирглеше өткөргөн маалымат жыйынында грек тарабынан Эгейде кризис жарата турган кадам таштабашы керектигин айтты.

Түркия менен Грециянын ортосунда маселелер жана араздашуулар бар экенин, бирок көз караш айырмачылыгы болгондо муну күчөтпөстөн ашып өтүү керектигин баса белгилеген Чавушоглу: «Мындан мурдагы келишимдерде кимдики экени белгисиз аралчалар бар. Греция биздики деп жатат, биз да Түркия катары жок алар биздики деп жатабыз. Грециянын коргоо министринин «эркелөөсүнүн» эки өлкөнүн ортосунда олуттуу маселеге айланбашы керек. Кечээ кечинде желек сайылды. Биздин десанттарыбыз барып алды. Булардын эмне кереги бар. Эгейде кризис жарата турган кадам таштабоолору керек. Популизмдин Грецияга пайдасы жок»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар