Айдындын Кушадасы районуна Бахама желектүү Black Watch круиз кемеси келди

Black Watch круиз кемеси менен 486 англис турист келди.

950207
Айдындын Кушадасы районуна Бахама желектүү Black Watch круиз кемеси келди

Круиз туризминин негизги борборлорунан Айдындын Кушадасы районуна Бахама желектүү Black Watch круиз кемеси менен 486 англис турист келди.

Кушадасы Эгей портуна келген кемедеги туристтердин бир бөлүгү Ефес, Мария эне, Дидим жана Милет сыяктуу жерлерди кыдырышты, кээ бир жүргүнчүлөр да райондун борборунда соода кылышты.

Эгей портунун директору Азиз Гүнгөр кеменин дүйнө турунун негизинде бул жылы пландуу түрдө бир гана каттам болгондугун айтты.

Кемеде 486 жүргүнчү, 372 кызматкердин бар экендигин белгилеген Гүнгөр түнү Кушадасында калбай турган кеменин багытынын Грециянын Пире болорун айтты.



Тектеш кабарлар