Жээнбеков Анкарага келди

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Түркияга келди.

947428
Жээнбеков Анкарага келди

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Түркияга барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Сооронбай Жээнбековду Анкара шаарындагы "Эсенбога" эл аралык аэропортунан Түркиянын вице-премьер-министри Хакан Чавушоглу, Анкара облусунун губернатору Эржан Топажа, Анкара шаарынын мэри Мустафа Туна, Анкара аймактык гарнизонунун начальниги Али Сиври, Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат жана Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов тосуп алды.

Аэропортто ардак кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.

Иш сапарынын алкагында Жээнбеков түркиялык кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган, өкмөт башчысы Бинали Йылдырым жана парламент төрагасы Исмаил Кахраман менен тар чөйрөдө жолугушат.

Тараптар ортосунда бир катар документтерге кол коюлмакчы.



Тектеш кабарлар