Израиль куралсыз жарандарга карай ченемсиз күч колдонду

Бекир Боздаг, Израилдин кол салуу жана кыргындарын дароо токтотушу керектигин белгиледи.

945115
Израиль куралсыз жарандарга карай ченемсиз күч колдонду

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, Израилдин кол салуу жана кыргындарын дароо токтотушу керектигин белгиледи.

Боздаг, социалдык медиа каражаты Твиттердеги барагынан, Израилдин куралсыз жарандарга карай ченемсиз күч колдонгонун жана мергенчилерди коюп жарандарды өлтүргөнүн белгиледи.

Израилдин кылганынын ачык эле түрдө жарандарды кыргынга салуу болгонун баса белгилеген Боздаг: «Израиль өкмөтү жарандарга жана карапайым калкка каршы ченемсиз күч колдонуусун, кол салуусун жана кыргын салуусун дароо токтотушу керек. Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) тарабынан Сириянын Африн аймагындагы «Зайтун бутагы» кыймылы убагында бир дагы жарандын атылбаганын, ошентсе да Түркияны адилетсиз түрдө сындагандарды Израилди айыптоого, Израилге каршы мамилесин көрсөтүүгө чакырамын»,-деп жазды.

«Түркияны адилетсиз түрдө сындагандар, адилетсиз, зулум жана кылмышкер болсо дагы Израилди сындабай жатышат. Чын эле эмне үчүн?»-деген суроо сураган Боздаг: «Батыш колдогон террордук уюмдары, Израиль кол салганда же Израиль өлтүргөндө, жабыркаган же курман болгон мусулман болсо адам укуктары, жаран, карапайым, ченемсиз күч колдонуу, кол салуу жана кыргындын, батыш үчүн эч кандай мааниси жок экенин көрдүк. Адам укуктарын, укукту бузуп, жарандарга, карапайым адамдарга кыргын салган Израиль болгон соң бул терминдерди оозунан түшүрбөгөн өлкөлөр менен эл аралык уюмдардын кантип үн катпай калгандарын көрдүк. Булар үчүн адам укуктары, жаран, карапыйым адам жана укук чыныгы жүздөрүн жапкан беткап эле. Беткап түштү» ,-деп жазды.



Тектеш кабарлар