Израиль террор мамлекети

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Эрдоган, партиясынын Аданадагы кезектеги 6-облустук конгрессинин алдында калың топ элге кайрылды.

942109
Израиль террор мамлекети

Президент Режеп Таййип Эрдоган, палестиналыктарга кыргын салган Израилдин террор мамлекети болгонун айтты.

 Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Эрдоган, партиясынын Аданадагы кезектеги 6-облустук конгрессинин алдында калың топ элге кайрылды.

Эрдоган сөзүндө Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сириянын Африн аймагында жикчил террор уюму ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШтын мүчөлөрүн  жок кылуу, дос жана боордош аймак калкын кысым жана зулумдуктан куткарыш үчүн 20-январда баштаган «Зайтун бутагы» кыймылын сындаганына каршылык көрсөттү.

Эрдоган: «Нетаньяху мен сүйлөшө турган киши да эмес. Бир сөз айтыптыр. Алардын армиясы эч качан зулумдук кылбаптыр. Булардын көздөрү бар көрбөйт. Кулактары бар укпайт. Ооздору бар туураны айтпайт. Жүрөктөрүнө мөөр басылган. Дүйнөдө Израиль армиясынын канчалык зулум экенин билбеген эч ким жок. Менин түшүндүрүүмдүн кажети жок»,-деди.

Израилдин палестиналыктарга карай кыргын салууларына токтолгон Эрдоган: «Израиль эзилген элдерге карай эр жүрөк, эзилген элдерден тышкаркылардын алдында коркок. Зулумдар эч качан эр жүрөк боло алышпайт, жеңиш эстелигин тургуза алышпайт»,-деди.

Нетаньяхунун «Зайтун бутагы» кыймылын сындаганына каршылык көрсөткөн Эрдоган: «Эй Нетаньяху, сен аябай күчсүзсүң жана кызыксың. Өзүңдү оңдо. Сенин дартың террористтер эмес, Сен террор мамлекетисиң. Газада, Кудуста кылгандарың ортодо...Сени дүйнөдө эч ким сүйбөйт»,-деп айтты.

Израилдин күчүнө ишенбөөсү керектигин баса белгилеген Эрдоган: «Ядролук куралым бар деп мактанба. Убагы келгенде алар да иштебей калат. Эзилген калкты эзбегин. Дүйнөдө кыдыра турган жер таба албайсың. Чынчыл бол. Болбосо бизден оң сөз уга албайсың»,-деди.



Тектеш кабарлар