Эрдоган - Трамп сүйлөшүүсү

Лидерлер эки тараптуу жана аймактык темаларда пикир алышууларда болушту.

941461
Эрдоган  - Трамп сүйлөшүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттик булактарынан алынган маалыматка караганда эки тараптуу жана аймактык темаларда пикир алышууларда болушту.  Террор менен күрөш темасын карап чыккан эки лидер союздаштыкка ылайык түрдө кызматташтыкты күчтөндүрүү чечкиндүүлүгүн такташты. Эки лидер Газада болгон окуяларга да токтолушту.

Бир тараптан Ак үй да Эрдоган менен Трамптын ортосундагы телефон аркылуу сүйлөшүүгө байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди. Маалыматта эки лидердин НАТО союздашы катары орток кызыкчылык жана эки тараптуу карым – катнаштарга таасир тийгизген темалар тууралуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү ойлошкондору белгиленди.

Эскерте кетсек эки  лидер өткөн жумада да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүшкөн болчу.

 



Тектеш кабарлар