Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Францияга каршы чыкты

Франциянын Түркия менен террористтердин ортосунда арчылык кылуу сунушу кабыл алынгыс.

941162
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Францияга каршы чыкты

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Франциянын Түркия менен террористтердин ортосунда арчылык кылуу сунушунун кабыл алынгыс экендигин айтты. Чавушоглу Түркия  - Украина биргелешкен стратегиялык пландоо группасынын алтынчы жыйынынын негизинде Түркиядагы Украина тышкы иштер министри Павло Климкин менен биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү. Чавушоглу  Франциядан келген Түркия менен негизги чатырын террордук уюм түзгөн ПЙД түзгөн Сирия демократиялык күчтөрү СДГнин ортосунда арачылык сунушуна баа берди.

Мевлют Чавушоглу ПКК жикчил терррдук уюмдун Сириядагы уландысы ЙПГ делегациясынын Францияда жогорку деңгээлде тосуп алынышынын Париждин  террордук уюмдар тууралуу кош стандартка ээ экендигин көрсөткөндүгүн белгиледи.

Чавушоглу : «ПЙД, ПКК экөөсү бир. Франциянын биз менен террористтердин ортосунда арачылык кылуу сунушу кабыл алынгыс. Сен кимсин, арачылык кылгыдай. ЙПГ жана ПКК менен күрөшүү биз үчүн абдан маанилүү. ЙПГнин максаты ДЕАШ менен күрөш эмес, Сирияны бөлүү. Кантон түзүү БУУнун чечимине тескери. Франция  обьективдүүлүгүн жоготту. Франциянын билдирүүлөрүнө олуттуу карабайбыз»,- деди.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Елисей сарайында ЙПГ делегациясы менен сүйлөшкөндөн кийин СДГ менен Түркиянын ортосунда арачылык кылууну сунуш кылган. Мевлют Чавушоглу АКШнын президенти Дональд Трамптын Сириядан чыгабыз деген билдирүүсүнө байланыштуу : «Трамп мындан мурунку телефон сүйлөшүүлөрүндө да муну белгилеген бирок мунун жекече билдирүү экендигин көрүүдөбүз»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар