29 жаңы долбоор каралды

Бул долбоорлор коргоо өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталат.

940758
29 жаңы долбоор каралды

Коргоо өнөр жайынын Аткаруу комитетинин жыйыны, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Президенттиктин комплексинде өткөрүлдү.

Президентттиктин басма сөз кызматынын жыйындан кийинки билдирүүсүндө: «Жыйында чек араларыбыздын ичинде жана өлкөнүн чек араларынын коопсуздугу үчүн чек аранын тышындагы операцияларын ийгиликтүү улантып жаткан армиябыздын жана коопсуздук күчтөрүбүздүн күчүнө күч кошкон жергиликтүү жана улуттук системаларыбызга жаңыларын кошууга багытталган долбоорлор каралып чыгып жаңы чечимдер чыгарылды»,-делди.

Билдирүүдө: «Жалпы 4,8 миллиард долларлык (орто эсеп менен 19 миллиард түрк лирасы) 29 долбоор каралган жыйында, коргоо өнөр жайын өнүктүрүү, күчтөндүрүү жана колдоо көрсөтүү максатында ар кандай инвестиция жана жакшыртуу иштери да сүйлөшүлдү»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар