Түрк Кызылайынан Косового жардам
80 миң евролук жардам муктаждыгы бар үй-бүлөлөргө жеткирилди.
939963
Түрк Кызылайы менен Косоводогу Түрк өкүлчүлүк делегациясы башкармалыгынын кызматташтыгында, Косовонун түштүк-батышындагы Призрен жана Мамушада муктаждыгы бар үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам таркатылды.
Түркиядан алып барылган 2 фура кийим-кече, дөңгөлөктүү отургуч, балдак сыяктуу буюмдар, балдардын оюнчуктары менен миң даана азык-түлүк кутусун камтыган орто эсеп менен 80 миң евролук жардам, Призрен жана Мамушада муктаждыгы бар үй-бүлөлөргө жеткирилди.
Түрк Кызылайы Косовонун ар кайсы шаарларында жардам таратуусун улантууда.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.