Президент Эрдоган Болгарияда

Түркия-Европа Биримдиги саммити Варнада өткөрүлөт.

937961
Президент Эрдоган Болгарияда

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Европа Биримдигине толук мүчөлүк максатынын уланганын айтты.

Эрдоган, Болгарияга аттанаар алдында «Ататүрк» аэропортунда маалымат берди.

Болгариянын Варна шаарында өтө турган Түркия-Европа Биримдиги саммитине байланыштуу маалымат берген Эрдоган: «Европа Биримдигине толук мүчөлүк биздин стратегиялык максатыбыз. Алардын ниетин, максатын абдан жакшы билгенибиз чөйрөлөрдүн Түркиянын Европа Биримдигинде кадыр-барктуу, тең укуктуу, толук мүчө катары орун алуусуна тоскоол болууларына эч качан уруксат бербейбиз»,-деди.

Эрдоган Түркиянын кадыр-баркына, күчүнө, аймакта жана дүйнөдө ойногон таасирдүү ролуна ылайыктуу түрдө Европа Биримдиги менен сүйлөшүүлөрдү уланта тургандарын баса белгиледи.

Эрдоган: «Варнадагы жыйындын Европа Биримдиги жана аймактык маселелердин чечилүүсүнө оң салым кошуусун каалаймын»,-деп айтты.

Түркия-Европа Биримдиги саммити, Европа Кеңешинин кезектеги төрагасы Болгариянын премьер-министри Бойко Борисовдун жетекчилигинде бүгүн Варнада президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Европа Комиссиясынын төрагасы Жан Клод-Юнкердин лидерлигинде өтөт.

Борисовдун конокторду тосуп алуусу менен баштала турган жана кеминде 2 саатка созула турган саммиттен кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүлөт.

Бир тараптан Эрдоган Болгариянын Варна шаарына жетти.

Эрдоган Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов тарабынан тосулуп алынды.



Тектеш кабарлар