Эрдоган Самсунда

Президент Эрдоган партиясынын Самсун жана Орду  6 -  кезектеги облустук конгресстерине катышты. Эрдоган конгресстен мурда тышта чогулган калың элге кайрылды.

936756
Эрдоган Самсунда

Президент Р. Т. Эрдоган Африн менен бирге эми кайрадан жаралуу кыймылынын башталарын айтты.

Президент Эрдоган партиясынын Самсун жана Орду  6 -  кезектеги облустук конгресстерине катышты. Эрдоган конгресстен мурда тышта чогулган калың элге кайрылды.

Президент Эрдоган : «Эми Африн менен бирге кайрадан жаралуу кыймылы башталды»,- деди.

Президент Р. Т. Эрдоган «Эч ким түрк армиясына, Түркияга Сирияны басып алуу кыймылын кылып жатат деп айта албайт. Батыш басып алуу кыймылдарынын эң сонун мисалдарын көрсөткөн»,- деди.

Эрдоган Адилеттик жана Өнүгүү партиянын Самсун  6 -  кезектеги конгресинде сүйлөгөн сөзүндө да : «Бизден башка баары башка ниет жана тактикалар менен ал жерде»,- деди. Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантып : «Аймакта жашаган бир туугандарыбыз бул абалды көргөндүктөн Тел Рыфаттан Манбижге, Телабядга, Ресулайнга чейинки жерлерге Түркиянын келип коопсуздук, тынчтыкты түзүп,   ирээтке салышын каалап жатышат. Алардын бул чакырууларын жоопсуз калтырбайбыз. Эң кыска убакта Сирия чек арасында көзү менен жүрөгүн бизге бурган бардык бир туугандарыбыздын жанында болобуз»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар