"Афринде эл үйлөрүнө кайта башташты"

Башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Хулуси Акар Афринде элдин үйлөрүнө кайта баштагандыгын билдирди.

935817
"Афринде эл үйлөрүнө кайта башташты"

 Башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Хулуси Акар түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагындагы «Зайтун бутагы» операциясынын негизинде террористтерден тазаланган жерлерде элдин үйлөрүнө кайта баштагандыгын белгиледи.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка ылайык башкы штабдын төрагасы менен бирге кургак жер күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Яшар Гүлер, аба күчтөрү командири, армиянын генералы Хасан Күчүкйүз, деңиз күчтөрүнүн командири, адмирал Аднан Өбал жана 2 -  армиянын командири Метин Темел менен Килис жана Хатай аймактарында бөлүктөр менен штабдарда иликтөө жүргүзүштү.

Аймактагы бөлүк командирлери менен өзгөчөАфриндин райондук борборуна байланыштуу акыркы абалдар, көрүлгөн жана көрүлө турган чараларга байланыштуу сүйлөшкөн Акар операциянын негизинде бардык иштердин аскердик жана адамзаттык баалуулуктардын негизинде башка дүйнө өлкөлөрүнө үлгү боло тургандай, БУУнун чечимдеринин негизинде, колдонулган курал жана ок  - дары да болуу менен эл аралык мыйзам жана террор менен күрөшүүнүн негиздерине ылайык жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.

 Африн аймагынын  террористтерден тазалангандыгын баса белгилеген Акар Африн шаар борборунда текшерүүнүн колго алынышанан кийин маалаларды мина жана гранаталардан тазалоо иштерине көңүл бурулгандыгын билдирди. Хулуси Акар : «Террористтерден тазаланган жерлерде эл үйлөрүнө кайта баштады»,- деди.

Акар операцияны пландоо жана аткарылышында бир гана террористтер менен аларга таандык баш калкалоочу жерлер, куралдар менен буктурмалардын бутага алынгандыгына көңүл буруп, жарандар, күнөөсүз кишилер менен тарыхый чыгармалар жана маданий курулуштардын түрк куралдуу күчтөрү үчүн кол тийбес экендигин, алардын зыян тартпашы үчүн бардык жоопкерчиликти көрсөткөндүгүн баса белгиледи.

Хулуси Акар күчүн асыл түрк улутунун ишениминен алган түрк куралдуу күчтөрү тарабынан ушул күнгө чейин болгондой мындан кийин да мекендин бүтүндүгүнө, түрк улутунун тынчтык жана коопсуздугуна багыттала турган бардык коркунучтун чечкиндүүлүк менен жок кылынарын, күрөшүүнүн «эң акыркы бир террорист жок кылынганга» чейин улантыларын белгиледи.



Тектеш кабарлар