АКШ соту артка кадам таштады

Президенттиктин коргоочуларына тагылган айыптоолор алып салынды.

935256
АКШ соту артка кадам таштады

АКШда алар туурасында доо коюлган Президенттиктин коргоочуларынан 11ине тагылган айыптоолор алып салынды.

Өткөн жылы президент Режеп Таййип Эрдогандын Вашингтонго сапары убагында, жикчил террордук уюм ПККнын колдоочулары президенттин коргоочуларына кол салган болчу.

АКШ полициясы баш аламандыкка кийлигишпегендиктен Президенттиктин коргоочулары өздөрүн жана президентти коргоп, ал топко бөгөт болгон.

Окуядан кийин АКШ соту түрк коргоочулур туурасында кармоо өкүмүн чыгарган болчу.

Өкүмгө катуу каршылык көрсөткөн Эрдоган: «Бул коргоочулар, мени коргобосо эмне үчүн буларды жанымда АКШга алып баруудамын? АКШнын Гансы жана Жорджу менен өзүмдү коргобок белем?»,- деп айткан эле.

Түркиянын чечкиндүү мамилеси боюнча АКШ соту артка кадам таштап, 15 коргоочудан 11и туурасындагы айыптоолорду алып салды.

Вашингтондун, Түркия менен чыңалган карым-катнаштарды жумшартуу үчүн ушундай чечимди чыгарган болушу мүмкүн экени белгиленди.

 



Тектеш кабарлар