Вице - премьер Хакан Чавушоглу Монголияда жолугушууларды өткөрдү

Жадамба Бат  - Эрдене менен жолугушкан Чавушоглу жана коштоосундагы делегация эки тараптуу экономикалык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү менен айыл  - чарба тармагындагы инвестицияларга байланыштуу темаларды карап чыгышты.

933698
Вице  - премьер Хакан Чавушоглу Монголияда жолугушууларды өткөрдү

 Вице  - премьер Хакан Чавушоглу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин төрагалыгы ТИКАнын адамзаттык перспективалуу жардам мекемеси экендигин айтты. Чавушоглу эки күндүк расмий сапар менен Монголиянын борбор шаары Улан - Баторго барды. Монголиянын жол жана транспортту өнүктүрүү министри Жадамба Бат  - Эрдене менен жолугушкан Чавушоглу жана коштоосундагы делегация эки тараптуу экономикалык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү менен айыл  - чарба тармагындагы инвестицияларга байланыштуу темаларды карап чыгышты.

Чавушоглу Түркия менен Монголиянын ортосунда аба көпүрөсүнүн курулушу керектигине көңүл буруп, ушунун негизинде түрк аба жолдорунун түздөн түз каттамдарын баштоонун туризм жана инвестиция жактан бири бирине карата абдан чоң пайда алып келерин айтты.

Бат  - Эрдене болсо өзгөчө ТИКАнын Монголияда аткраган ишетринен улам ыраазычылыкты билдирип, дос жана бир тууган Түркия менен тийиштүү тармактарда кызматташтыкты күчтөндүрүүнү каалашкандарын баса белгиледи. Чавушоглу : «Түркия менен достук жана жылуу мамилереге ээ Монголияда болуудан ыраазымын»,- деди.

Тиканын ушул кезге чейин Монголияга 43 миллион долларлык проект инвестиция ишке ашыргандыгын айткан Чавушоглу ТИКАнын 150гө жакын өлкөдө проекти жана иш алып барган мекеме экендигин билдирди. Чавушоглу ТИКАнын 58 өлкөдө 60ка жакын координация офиси менен кызмат кылгандыгын белгилеп  өнүгүү жардамдары жактан ТИКАнын көңүлдөрдү бурган бир мекеме экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар