Эрдоган Путинди куттуктады

Президенттик маалымат борборунан алынган маалыматка ылайык президент Эрдоган, Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

933353
Эрдоган Путинди куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусия Федерациясынын Президенттигине кайрадан шайланган Владимир Путинди куттуктады.

Президенттик маалымат борборунан алынган маалыматка ылайык президент Эрдоган, Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Эрдоган, жекшемби күнү өткөн шайлоолордо жеңишке жетишип кайрадан шайланган Путинди куттуктады.

Андагы сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштарга жана Сирия темасында алдыдагы айда Стамбулда Ирандын президенти Хасан Руханинин да катышуусу менен боло турган Үчтүк саммитке да токтолгон президент Эрдоган жана Орусиянын президенти Путин, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрүү темасында чечкиндүүлүктөрүн тастыкташты.



Тектеш кабарлар