Африн ооруканасынын бомбаланышы тууралуу кабарлар чындык эмес
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында оорукананы бомбалагандыгына байланыштуу кабалдардын чындык эмес экендиги билдирилди.
![Африн ооруканасынын бомбаланышы тууралуу кабарлар чындык эмес](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/589a/8266/0aa9/5aacc915c487f.jpg?time=1719102947)
![afrin hastanesi.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/317d/e2f9/06bd/5aacd5e4f1165.jpg?time=1719102947)
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында оорукананы бомбалагандыгына байланыштуу кабалдардын чындык эмес экендиги билдирилди.
Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматта «Зайтун бутагы» операциясынын жаран жана күнөөсүз кишилерге зыянын тийгизбей тургандай аткарылгандыгы баса белгиленип : «Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Афринде оорукананын бомбалангандыгына байланыштуу кабалар чындык эмес»,- деген маалымат бөлүшүлдү. Өзгөчө Африн ооруканасынын бүгүн 09: 43тө катталган жана айтылгандардын жалган экендигин ортого салган көрүнүштөр бөлүшүлдү.
Түрк куралуу күчтөрүнөн берилген маалыматта : «Африн шаар борборунда террористтер тарабынан имарат, унаалардын өрттөнгөндүгү, кулатылгандыгы, булардын ичинде оорукана имараттарынын да бар экендиги, ооруканадагы материалдардын террористтер тарабынан алынгандыгы, колдонулбай турган абалга келгендиги, мындай окуялардын жана шаардагы чыгымдардын түрк куралдуу күчтөрү тарабынан аткарылгандыгына байланыштуу эл аралык коомчулукта бир түшүнүк жаратууга аракет кылынгандыгы көрүнүүдө. Мындай окуялар террордук уюмдар тарабынан түрк куралдуу күчтөрү тууралуу тескери түшүнүк жаратуу максатында пландуу түрдө аткарылууда»,- деп айтылды.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719102947)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.