Ирактын түндүгүнө абадан операция жүргүзүлдү
Ирактын түндүгүндө ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү 10 террорист өлтүрүлдү.
Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү Хакрук жана Кани Раш аймактарына карата абадан колдоо берилген операция жүргүздү.
Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматка ылайык 10 – 15 километрге жакын тереңдиктеги аймактарда жүргүзүлгөн операцияларда бирөөсү бетондон жасалган бир топ баш калкалоочу жер аныкталды.
Операциянын негизинде жүргүзүлгөн изилдөөдө РПГ – 7 ракета атуучу, ири калибрдүү пулеметтер, Калашников жана көп сандаган курал менен жеңил курал ок - дарылары, жарылуучу заттар менен уюмдун документтери колго түшүрүлдү.
Аймактын 2 миң 500 метр бийиктиктеги тоолуу, аскалуу аянттарында абадан жардам берилген операцияларда 10 террорист өлтүрүлдү.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.