Эрдоган Болуда элге кайрылды

Эрдоган «Зайтун бутагы» кыймылында жок кылынган террорист саны 3300гө жеткенин жарыялады.

927180
Эрдоган Болуда элге кайрылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган «Зайтун бутагы» кыймылында жок кылынган террорист саны 3300гө жеткенин жарыялады.

Эрдоган Болуда элге кайрылды.

Сөзүндө Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) Сириянын Африн аймагында жикчил террор уюму ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШтын мүчөлөрүн жок кылуу, дос жана тууган аймак калкын кысым жана зулумдуктардан куткаруу үчүн 20-январда башталган «Зайтун бутагы» кыймылына токтолгон Эрдоган, кыймылдын ишеничтүү кадамдар менен уланып жатканын айтты.

Эрдоган, Африн кыймылынан кийин террордон тазаланган аймактын чыныгы ээлерине калтырыла турганын кайталады.

2016-жылдын август айында башталып 7 айга созулган «Евфрат калканы» кыймылын эске салган Эрдоган: «Жераблуста ушундай болгон жокпу? 140 миң киши кайтып ал жерлерде жашап жатышат. Афринде да жерлерине кайта башташты. Биз кечиримдүүлүк дининин мүчөлөрүбүз. Бул жолдо умтулуу, чечкиндүүлүк менен бастык, басабыз. Бул диндин мүчөлөрү катары биздин кымындай да бул жерде жол бошотууга укугубуз жок»,-деди.



Тектеш кабарлар