Президент Эрдоган Мерсинде операция тууралуу маалымат берди

Президент Р. Т. Эрдоган «Зайтун бутагы» операциясынын ийгиликтүү улантылып жаткандыгын, ушул кезге чейин 3213 террористтин жок кылынгандыгын айтты.

926788
Президент Эрдоган Мерсинде операция тууралуу маалымат берди

Президент Р. Т. Эрдоган «Зайтун бутагы» операциясынын ийгиликтүү улантылып жаткандыгын, ушул кезге чейин 3213 террористтин жок кылынгандыгын айтты. Эрдоган Мерсинде облустук конгрессинен мурда чогулган элге кайрылды. Президент сөзүндө түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында ПКК/КЖК/ПЙД – ЙПГ жикчил террордук уюм жана ДЕАШ мүчөлөрүн жок кылуу жана дос, бир тууган аймак калкын зулумчулуктан куткаруу үчүн 20 -  январда башталган «Зайтун бутагы» операциясына токтолду.

Түркиянын маселесинин жер эмес экендигин дагы бир жолу баса белгилеген Эрдоган операциянын максатынын Сириянын түндүгүндөгү террористтерди тазалоо экендигин белгиледи.

Түрк куралуу күчтөрү жана Эркин Сирия Армиясынын ишенимдүү кадамдар менен Афринге карай жылгандыгын айткан Эрдоган аймактын террористтерден тазалагандан кийин негизги ээлерине тапшырыларын да белгиледи. Эрдоган : «Азыркы учурдан баштап 850 километр квадратка жакын  аянт биздин текшерүүбүз астында. Максат 2 миң километр квадратты да текшерүү астына алуу»,- деди. Афринден кийин террористтер болгон аймактарга карата кыймылдын улантылары тууралуу кабарларды берген Эрдоган кай жерде террорист бар болсо ал жерде террористтер менен күрөшүүнү улантышарын айтты.

 

 



Тектеш кабарлар