Террористтерге оор сокку урулууда

«Зайтун бутагы» операциясында жок кылынган террористтердин саны 3055ке жетти.

925100
Террористтерге оор сокку урулууда

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында улантылып жаткан «Зайтун бутагы» операциясында жок кылынган террористтердин саны 3055ке жетти.

Башкы штабдын төрагалыгынын билдирүүсүндө, 20-январда башталган «Зайтун бутагы» операциясынын алкагында бүгүн кургактыктан жана абадан операциялардын негизинде террордук уюмдар ПКК/КЖК/ЙПГ жана ДЕАШка мүчө дагы 115 террористтин жок кылынганы белгиленди.

Ушундайча операция башталгандан бери жок кылынган террористтердин саны 3055ке жетти.

Башкы штабдын төрагалыгынын билдирүүсүнө караганда, Афринди террордук уюмдар ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерден тазалоого карай кургактыктан жана абадан операциялар уланып жатат.



Тектеш кабарлар