Премьер - министр Бинали Йылдырым Коньяда

Премьер  - министр Бинали Йылдырым түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ражо аймагынын террористтерден тазалангандыгын айтты.

922144
Премьер  - министр Бинали Йылдырым Коньяда

Премьер  - министр Бинали Йылдырым түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» операциясынын негизинде стратегиялык мааниге ээ Ражо аймагынын террористтерден тазалангандыгын айтты.

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын  төрага орун басары жана премьер  - министр Бинали Йылдырым Коньядагы Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын 6 -  кезектеги облустук конгрессине атышты.

Йылдырым : «Афринде каарман Мехметчиктерибиз дастан жазып жатат. Ражону да террористтерден тазалашты»,- деди. Йылдырым : «Африн курчоого алынды. Чек араларыбызга жакын аймактардын баарын террор уяларынан тазаладык. Эми Мехметчигибиз, атайын күчтөрүбүз, жандармериябыз, полициябыз, коопсуздук коргоочуларыбыз жана Эркин Сирия Армиясына таандык аскерлер Афринге карай жылып баратат. Кай жерде террордук коркутуу бар болсо ал биздин бутабыз. Бүгүн Африн, эртең башка бир жер»,- деди.

Йылдырым : «Кайда бул өлкөнүн чек араларына, бул элдин жан жана мал коопсуздугуна, жерибиздин бүтүндүгүнө карата коркунуч боло турган болсо ошол жерде биз болобуз, ал коркунучту жок кылабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар