Эрдоган Сенегалда...

Эрдоган, Сенегалдын президенти Маки Салл тарабынан салтанаттуу азем менен тосулду.

921033
Эрдоган Сенегалда...

Президент Режеп Таййип Эрдоган Африка турунун алкагында Сенегалга барды.

Эрдоган, Сенегалдын президенти Маки Салл тарабынан салтанаттуу азем менен тосулду.

Президенттик Сарайга келгенде катарга тизилген аскерлерге салам берген Эрдоган, андан соң кесиптеши Салл менен кол алышып журналисттер тарткан сүрөткө түштү.

Эрдоган жана Салл, андан соң бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларга өттү.

Аземде тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, экономика министри Нихат Зейбекчи, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак, азык-түлүк, талаа жана мал чарба министри Ахмет Эшреф Факыбаба, бажы жана соода министри Бүлент Түфенкчи, маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш менен президенттик аппарат башчысынын орун басары жана басма сөз катчысы Ибрахим калын да орун алышты.


Этикеткалар: #Эрдоган

Тектеш кабарлар