Түркия Францияга каршылык көрсөттү

Франциянын Президенттик аппараты эки лидердин сүйлөшүүсүнө байланыштуу коомдук пикирге жалган маалымат берген.

919780
Түркия Францияга каршылык көрсөттү

Түркия, президент Режеп Таййип Эрдоган менен Франциянын президенти Эмануэль Макрондун ортосунда өткөрүлгөн телефон сүйлөшүүсүнүн мазмунунун бурмаланышына каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой: «Телефон сүйлөшүүсүнүн мазмуну менен Франциянын Президенттик аппаратынын билдирүүсүнүн ортосунда чынчылдыкка жатпаган айырмачылыкка жана сүйлөшүү катталганына карабастан коомдук пикирге жалган маалымат берүүнүн туура эмес экендигине байланыштуу каршылыгыбыз француз органдарына билдирилди»,-деген сөздөрүнө орун берилди.

Хами Аксой, президент Режеп Таййип Эрдоган менен Франциянын президенти Эмануэль Макрондун мурунку күндөгү телефон сүйлөшүүсү тууралуу, Франциянын Президенттик аппаратынын билдирүүсүндө белгиленгенден тескерисинче, сүйлөшүүдө Макрондун Сириядагы адамзаттык абалга байланыштуу 2401 номердүү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин токтомунан сөз кылып жатып Афринге шилтеме кылбаганын билдирди.



Тектеш кабарлар