Президент Эрдоган Кахраманмарашта

Президент Р. Т. Эрдоган : «Биздин каныбызда жарандарды атуу жок, бирок силердин каныңарда бар»,- деди.

917439
Президент Эрдоган Кахраманмарашта

Президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Р. Т. Эрдоган «Зайтун бутагы» операциясында жарандардын атылышы тууралуу : «Биздин каныбызда жарандарды атуу жок, бирок силердин каныңарда бар»,- деди.

Кахраманмарашта партиясынын 6 -  кезектеги облустук конгрессинен мурда калкка кайрылган президент Эрдоган түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагына карата жүргүзгөн «Зайтун бутагы» операциясына токтолду.

Бүгүн эрте мененден баштап жок кылынган террорист санынын 1931ге жеткендигин белгилеген Эрдоган түрк куралдуу күчтөрүнүн жарандарды атканына байланыштуу сөздөргө болсо төмөнкүчө жооп берди : «Уятсыздар, адепсиздер, ахлаксыздар. Биздин каныбызда жарандарды атуу жок, бирок силердин каныңарда бар. Силер 10 миң километрдик алыстыктан эмнеге бул жерлерге келип жатасыңар? Биздин 911 километрдик чек арабызда, чек арабызды коргоо жоопкерчилигибиз бар. Эч ким эмне үчүн коргоп жатасыңар деп айта албайт. Коргоону улантабыз. Кол салуулардын эсебин суроону да улантабыз. Эч ким унутпашы керек болгон нерсе бул өлкө, улут, аскер «коркоктор армиясы эмес. Коркоктор өлкөсү эмес. Азыркы учурда мунун эсебин кылып жатабыз».

Конгрессте сүйлөгөн сөзүндө да : "Чек араларыбызда террор коридорун түзүү менен бизди бир туугандарыбыздан алыстатууну каалап жатышат",- деген президент булардын жаман жүзү ортодо болгон террордук уюмдар менен бирге болуудан тартынышпагандарын айтты. 

Аянтта Түркия менен күрөшө алышпай тургандарын көргөндөрдүн дүйнөлүк машстабда жалганга, жалаага таянган бир пропаганда согушун баштоолорунун да ишке жарабай тургандыгын баса белгилеген Эрдоган : "Чындыктардын алдында бул жалгандар кудум күндү көргөн муз массасы сыяктуу ээрип, бууланып кетет",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар