АКШнын Тель Авивдеки элчилигин Кудуска көчүрүшү санааркатуучу
Түркия АКШнын Израилдин борбор шаары Тель Авивдеки элчилигин Кудуска көчүрөрү тууралуу билдирүүсүнүн «санааркатуучу» экендигин билдирди.
Түркия АКШнын Израилдин борбор шаары Тель Авивдеки элчилигин Кудуска көчүрөрү тууралуу билдирүүсүнүн «санааркатуучу» экендигин билдирди. Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта АКШнын Тель Авивдеги элчилигин май айында Кудуска көчүрөрүн билдиришине байланыштуу : «АКШнын санааркатуучу чечимине каршы Түркия Палестина калкынын мыйзамдуу укуктарынын сакталышы үчүн эл аралык коомдун көпчүлүгү менен бирдикте аракет кылууну улантат»,- деп билдирилди.
Маалыматта АКШнын бул чечими менен эл аралык мыйзамды, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Кудус тууралуу чечимдерин жана туруктуу БУУму параметрлерин тебелеп, тынчтыктын пайдубалын бузууда катуу тургандыгын көрсөткөндүгү белгиленди.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.