Түркия менен АКШнын ортосунда үч жумушчу топ түзүлөт

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун өткөн аптадагы Анкара сапарында сүйлөшүлүп чечим чыгарылган «жыйынтыкка карай механизм» түзүү боюнча маалымат берди.

915614
Түркия менен АКШнын ортосунда үч жумушчу топ түзүлөт

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Түркия менен АКШнын ортосунда түзүлө турган механизмдин алкагында 3 жумушчу тобу түзүлө турганын айтты.

Хами Аксой, АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун өткөн аптадагы Анкара сапарында сүйлөшүлүп чечим чыгарылган «жыйынтыкка карай механизм» түзүү боюнча маалымат берди.

Аксой, биргелешкен механизмдин иштеринин тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун катышуусунда борбор шаар Анкара же Вашингтондо баштала турганын айтты.

Механизмдин алкагында үч башка жумушчу тобунун түзүлө турганын белгилеген Аксой: «Эң кыска мөөнөттө жумушчу топтор иштей баштайт, жыйынтыктарын көрө баштайбыз. Алгачкы жыйналыштар тышкы иштер министрлеринин жетекчилигинде чогула алат»,-деди.

Аксойдун берген маалыматына караганда алгачкы жумушчу тобу ФЕТӨ жана консулдук темаларын карайт. Бул жумушчу тобунда эки өлкөдө камакта турган же өкүм чыгарылган кишилердин абалдары каралат.

Экинчи жумушчу тобу болсо Сириядагы «террорист» топтордун жеңилүүгө учуратылышы үчүн эки өлкөнүн кызматташтыгын карайт. Аксой, учурда жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГнын көзөмөлүндө турган Менбич темасынын бул жумушчу тобунда карала турганын берип: «Менбич тууралуу АКШнын убадасынын кандайча орундатыла турганы бул жерде каралат»,-деди.

Аксой, үчүнчү жумушчу тобунун болсо жикчил террор уюму ПКК менен күрөшүү темасын карай турганын белгиледи.

Жумушчу тобунда Тышкы иштер министрлиги, Улуттук коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Адилет министрликтери менен аскердик органдар жана чалгындоо кызматтарынын делегациялары орун ала турганын айткан тышкы иштер министрлигинин катчысы: «Биз бул жумушчу топторун кескин түрдө алагды кылуу катары карабайбыз, белгилүү бир календардын ичинде мындан жыйынтык чыгышын күтөбүз»,-деп айтты.

Аксой: «Тиллерсон Анкара сапарында ПКК-ПЙД байланышын кабыл алдыбы?» деген суроого «ПККнын ПЙД/ЙПГ менен байланышы, жалгыз гана биз тараптан эмес, АКШда бир топ киши жана мекеме тарабынан айтылган абалда»,-деп жооп берди.

Катчы Аксой, президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Руханинин 22-ноябрда Сочиде ишке ашырган Сирия темалуу үчтүк саммиттин экинчисинин апрель айынын башында Түркияда өтүшүнүн көздөлгөнүн, бул саммиттен мурда да үч өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин 16-мартта Астанада жолуга тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар