Президент  Режеп Таййип Эрдоган дүйнөнүн Израилдин кыргынын дароо токтотууга мажбур экендигин айтты

Эрдоган курман айт майрамынан улам лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясына видеоконференция аркылуу кайрылды.

2153756
Президент  Режеп Таййип Эрдоган дүйнөнүн Израилдин кыргынын дароо токтотууга мажбур экендигин айтты

 Президент  Режеп Таййип Эрдоган дүйнөнүн Израилдин кыргынын дароо токтотууга мажбур экендигин айтты.

Эрдоган Курман айт майрамынан улам лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясына видеоконференция аркылуу кайрылды.

Курман айт майрамынын оккупация астындагы Палестина жерлеринде адамзатты уялтуучу  кыргындар болуп жаткан бир мезгилге туш келгендигине көңүлдөрдү бурган Эрдоган : «Геноциддик Израиль башкаруусу тарабынан шейит болгон 38 миң боордошубуздун кайгысы улут жана үммөт катары баарыбыздын жүрөгүбүздү сыздатты. Бир гана мусулмандыктын эле эмес, ошол эле учурда адамзат сыналган күндөрдөн өтүп жатабыз. Газадагы кыргынга каршылык көрсөтүү, боордоштук милдетибиз болуу менен бирге адамзаттык да милдетибиз»,- деди.

Президент Эрдоган : «Дүйнө Израилдин канкордугуна каршы чара көрүү,  күн сайын жаңысына күбө болуп жаткан кыргындарды дароо токтотушу керек. Саясий өмүрүн узартуу үчүн өз жарандары менен бирге бүтүндөй аймакты кыйынчылыкка салган Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаьяху башкаруусунун токтотулушунун шарт экендигин ар мүмкүнчүлүктө айтып жатабыз»,- деди жана Түркия катары аймакта туруктуу тынчтыктын түзүлүшү жана кыргын кылгандардын жоопко тартылышы үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонгондорун белгиледи.

Президент Эрдоган Палестина мамлекетин тааныган өлкөлөрдүн санынын көбөйүшү үчүн иштегендерин баса белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар