Президент Эрдоган Афьонкарахисарда элге кайрылды

Президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Р. Т. Эрдоган партиясынын Афьонкарахисар облустук конгрессинде жарандарга кайрылды.

912517
Президент Эрдоган Афьонкарахисарда элге кайрылды

Президент Р. Т. Эрдоган Афринде күн өткөн сайын жеңишке жакындап бара жаткандыгын билдирди. Президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Р. Т. Эрдоган партиясынын Афьонкарахисар облустук конгрессинде жарандарга кайрылды.

Президент Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында ПКК/КЖК/ПЙД- ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерди жок кылуу, дос жана бир тууган аймак калкын кысым жана зулумчулуктан куткаруу үчүн 20 -  январда башталган «Зайтун бутагы» операциясына токтолду.

Операцияын ийгиликтүү улантылып жаткандыгын жана 1600гө жакын террористтин жок кылынгандыгын баса белгилеген Эрдоган аймакта 300 километр квадраттык аянтта текшерүүнүн колго алынгандыгын айтты. Р. Т. Эрдоган : «Биз 3, 5 миллион сириялыктын  өз жерлерине кайтышын каалайбыз. Бул үчүн аракет кылуудабыз. Биз Түркия катары Сириянын жерине кызыкпайбыз. Биздеги чатырлар менен эмес, өз жерлеринде үй куралы»,- деди.

Президент Эрдоган : «Биз менен келечекке карай басууну каалагандар үчүн колубуз ар дайым ачык. Келечегибизге зыянын тийгизүүнү каалагандарга ошол эле колубуз бир муштум болуп тийиши эч качылгыс»,- деди. Президент чоң өнүгүү көрсөткөн Түркиянын эми өз куралын өндүрө ала турган абалга келгендигин да белгиледи.

 



Тектеш кабарлар