Жарнактар амаштырылганы менен террор элементтеринин кимдер экени билинип турат
Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, Кападокиянын маданият жана искусство борборунда уюштурулган, АК Партиянын жаштар тармагынын кезектеги жалпы жыйынында сөз сүйлөдү.
![Жарнактар амаштырылганы менен террор элементтеринин кимдер экени билинип турат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/563c/210f/7eca/5a80435794a24.jpg?time=1718779034)
Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, Түркиянын түбүндө террор мамлекети курулуусун Түркиянын көрмөксөнгө салбай турганын айтты.
Кападокиянын маданият жана искусство борборунда уюштурулган, АК Партиянын жаштар тармагынын кезектеги жалпы жыйынында, АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун Түркия сапары тууралуу сөз сүйлөгөн Боздаг: «Мындан ары Түркияны сыноодон жана сабырын сынап көрүүдөн баш тартсын. Түркияны көндүрүүгө аракет кылбагыла. Барып өзүңөр окуткан, жабдыган, курал берген, тылдык колдоо көрсөткөн террор уюмдары менен алектенгиле,аларга берген куралдарды топтогула, экинчи бербегиле, Түркияга каршы террордук кыймыл кылбагыла»,-деп айтты.
Боздаг сөзүндө террор уюмунун башкача атты жамынганын белгилеп, жарнактар амаштырылганы менен террор элементтеринин кимдер экени билинип турганын баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718779034)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.