Министр Осман Түштүк Кореяга барат

Түркиялык делегация эртең ачылыш аземине катышат.

906523
Министр Осман Түштүк Кореяга барат

Жаштар жана спорт министри Осман Ашкын Бак, 23-Кышкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Түштүк Кореяга барат.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда Осман Бак 9-25-февраль күндөрүнүн аралыгында Пхенчхан шаарында өтө турган оюндарда ат салыша турган улуттук спортчуларга колдоо көрсөтүү максатында бүгүн кечинде Түштүк Кореяга барат жана Түркия делегациясы менен ачылыш аземине катышат.

Бул учурда Олипиада оюндарынын желек салтанаты Пхенчхан Олимпиада айылында болду.

Эл аралык Олимпиада комитетинин жетекчи орун басары менен Түркиянын Улуттук Олимпиада комитетинин башчысы Угур Эрденер жетектеген делегация да орун алган аземде, түрк желеги асманга көтөрүлүп гимн ойнолду.

 



Тектеш кабарлар