Эрдогандын Ватикан сапары аяктады

Эрдоган-Папа жолугушуусунда чет элдикке душмандык жана Исламофобия менен биргелеше күрөшүүгө токтолду, диндерди террорго жабыштырып кароонун жаңылыш экендиги баса белгиленди.

904045
Эрдогандын Ватикан сапары аяктады
erdogan-papa.jpg

Расмий сапар менен Ватиканга барган президент Режеп Таййип Эрдоган, католиктердин руханий лидери Папа Франциск менен жолукту.

Жолугушуу бир сааттан ашык убакытка созулду.

Эрдоган үчүн алгач Апостоль сарайынын алдында расмий салтанат уюштурулду.

Президент Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоган, Сан-Дамасо каалагасында Папалык резиденциясынын губернатору архиепископ Георг Гансвейн тарабынан тосулду.

Тосуп алуу салтанатынан кийин президент Эрдоган, Папа Франциск менен бетме-бет жоугушуу өтө турган залга кирди.

Папа, Апостоль сарайында конокторун тоскон Китепкана залындагы жолугушуунун алдында президент Эрдоганды каалгада тосуп алды.

«Көрсөткөн меймандостугуңуз үчүн ырахмат айтамын»,-деп айткан президент Эрдоганга, Папа да сапарынан улам ыраазычылыгын билдирди.

Андан соң президент Эрдоган жана Папа Франциск, басма сөз кызматкерлеринин алдында кол алышып, өз алдынча жолугушуу боло турган Китепкана залына өтүштү.

Журналисттер кыскача видео тартып алышынан кийин, жабык эшик артында өткөн жолугушуу бир сааттай уланды.

Эрдоган менен Папанын жолугушуусунда, АКШ бийлигине Кудусту Израилдин борбор шаары деп кабыл алуу токтомунун кыйынчылыктары жана ишке ашырылбоосу багытында кеңештерди улантуунун маанисине токтолду.

Жолугушууда Кудустун БУУнун токтомдору жана эл аралык укук тарабынан белгиленген статусунун сакталышы керектигине басым жасалды.

Эрдоган-Папа жолугушуусунда чет элдикке душмандык жана Исламофобия менен биргелеше күрөшүүгө токтолду, диндерди террорго жабыштырып кароонун жаңылыш экендиги баса белгиленди.

Президент Эрдоган, Папа Франциск менен жолугушуусу убагында Папага мурдагы Стамбулду сүрөттөгөн 24 бөлүкчөлүү миниатуралык Изник фарфору менен Мевлананын атактуу чагармасы «Месневинин» италян жана англис тилдериндеги чыгарылышын белек кылды.

Папа Франциск болсо Эрдоганга тынчтыкты символдогон медаль тапшырды.



Тектеш кабарлар