Йылдырым «Зайтун бутагы» кыймылын сындаган өлкөлөргө үн катты

Премьер-министр Бинали Йылдырым, 2-Армиянын Хатайдагы Кыймыл борборуна барып аскердик жооптуу кызматкерлерден маалымат алды.

903337
Йылдырым «Зайтун бутагы» кыймылын сындаган өлкөлөргө үн катты

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сириянын Африн аймагында жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» кыймылынын пландалганы сыктуу уланганын айтты.

Йылдырым Хатайда «Зайтун бутагы» кыймылынын өткөрүү жана камсыздалышы боюнча жооптуу 2-Армиянын Хатайдагы Кыймыл борборуна барып аскердик жооптуу кызматкерлерден маалымат алды.

Премьер-министр Бинали Йылдырым, «Зайтун бутагы» кыймылын сындаган өлкөлөргө үн катып, «Тынчты алуучу айтымдардын эч бир мааниси жок»,-деди.

Йылдырым: «Маселе коопсуздук, коопсуздук болсо калганы майда чүйдө нерселер. Аркаларында ким болсо болсун биз үчүн айырмасы жок»,-деп айтты.

Кыймыл борборунда 2-Армиянын командири генерал-полковник Исмаил Метин Темел жана берки аскердик жооптуу кызматкерлерден маалымат алган өкмөт башчы Йылдырымды ички иштер министри Сүлейман Сойлу, транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Ахмет Арслан менен Хатайдын губернатору Эрдал Ата коштоп барышты.



Тектеш кабарлар