АКШнын коргоо министри Маттис Түркия менен Мүнбич тууралуу сүйлөшкөндөрүн билдирди

Маттис Сириядагы абалдарды улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли менен сүйлөшкөндүгүн айтты.

902596
АКШнын коргоо министри Маттис Түркия менен Мүнбич тууралуу сүйлөшкөндөрүн билдирди

АКШнын коргоо министри Жим Маттис Түркия менен Мүнбич тууралуу сүйлөшкөндөрүн, бирок коомчулукка кенен түрдө маалымат берүүнүн туура эмес экендигин айтты.

АКШнын коргоо министрлигинин басма сөз офисинде журналисттер менен жолугушкан Жим Маттис Түркиянын ПЙД/ПККга карата жүргүзүп жаткан «Зайтун бутагы»  операциясы менен Түркиянын ыктымалдуу Мүнбич операциясы тууралуу суроолорго жооп берди.

Маттис Сириядагы абалдарды улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли менен сүйлөшкөндүгүн айтты.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Мүнбичке кирип же кирбей тургандыгына байланыштуу берилген суроого : «Булар тууралуу азырынча  сөз кыла албайбыз. Коомчулукка билдире тургандай жөнөкөй  нерсе эмес. Азыркы учурда союздашыбыз Түркия менен активдүү түрдө талкуулап жатабыз»,- деп жооп берди Маттис.



Тектеш кабарлар