"Зайтун бутагы" операциясында куткарылган айылдар

Түрк куралдуу күчтөрү «Зайтун бутагы» операциясында Африндин түндүгүндөгү Али Кар айылында ПЙД/ПККнын тазалангандыгын билдирди.

901498
"Зайтун бутагы" операциясында куткарылган айылдар

Түрк куралдуу күчтөрү «Зайтун бутагы» операциясында Африндин түндүгүндөгү Али Кар айылында ПЙД/ПККнын тазалангандыгын билдирди.

Түрк куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматта түрк куралдуу күчтөрү жана Эркин Сирия Армиясынын аскерлери Африндин Бүлбүл аймагынын түндүгүнүн ПЙД/ПККдан тазалангандыгы белгиленди.  «Зайтун бутагы» кыймылынын 12 -  күнүндө Африндин беш аймагында жыйырмасы айыл жана жети стратегиялык тоо же дөңсөөлөр болуу менен 27 жер уюмдан тазаланды.

Түрк куралдуу күчтөрү жана операцияларга колдоо берген Эркин Сирия Армиясынын күчтөрү операцияда Бүлбүл аймагында Шенгал, Зехран, Бали айылы, Курни, Хай Оглу, Хефтар, Урса жана Бак Убаси айылдары, Курни тоосу менен Күдро айылы астындагы отурукташуу жери, Ражу аймагында Айн Батман тоосу, Эдаманли, Али Бекки, Билал айылы, Өмер Ушагы, Мамел Ушагы, Сүлейман Халил, Сати Шагы жана Алкана айылдары, 915 – дөңсөөсү менен 740 – дөңсөөнү, Шейх Хадид аймагында Шейх Хадид дөңсөөсү жана Кара Митлак айылы, Жиндерес аймагында Хаммам айылы менен Мерсидес дөңсөөсүн, Шеран аймагында да Бурсейа тоосу менен Кастел Жүндо айылын алган болчу.



Тектеш кабарлар