Афринде көптөгөн жер террористтерден тазаланды

Түрк куралдуу күчтөрүнүн жана Эркин Сирия армиясынын Афринге илгерилөөсү уланып жатат.

901106
Афринде көптөгөн жер террористтерден тазаланды

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында «ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерди таасирсиз кылуу, дос жана боордош аймак элин кысым жана зулумдан куткаруу үчүн баштаткан «Зайтун бутагы» операциясынын алкагында Африндин түндүк-чыгышындагы Эйн Батман дөбөсү террордук уюм ПЙД/ПККдан тазаланды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн жана Эркин Сирия армиясынын Афринге илгерилөөсү уланып жатат.

Кечки убактарда Африндин Ражу аймагынын түндүк-чыгышындагы Эйн Батман дөбөсү террордук уюмдан тазаланды.

Күндүз болсо Африндин түндүгүндөгү Бүлбүл аймагына караштуу Бак Убаси айылы менен айланасындагы Курни дөбөсү террористтерден тазаланды.

Ушундайча «Зайтун бутагы» операциясынын 12-күнүндө Африндин беш аймагында 19у айыл, бири кыштак, 7си стратегиялык тоо же дөбө болуп жалпы 27 жер уюмдан куткарылган болду.



Тектеш кабарлар