"Зайтун бутагы" операциясында куткарылган айылдар

Түрк куралдуу күчтөрү «Зайтун бутагы» операциясынын негизинде Африндин түндүгүндөгү бир айылды да террордук уюмдардан тазалагандыгын жарыялады.

900792
"Зайтун бутагы" операциясында куткарылган айылдар

Түрк куралдуу күчтөрү «Зайтун бутагы» операциясынын негизинде Африндин түндүгүндөгү бир айылды да террордук уюмдардан тазалагандыгын жарыялады.

Түрк куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматта түрк куралдуу күчтөрү жана Эркин Сирия Армиясы Африндин түндүгүндөгү Бүлбүл аймагына караштуу Бак Убаси айылын ПЙД/ПКК террордук уюмунан тазалангандыгы белгиленди.

Маалыматта Түркия чек арасына коңшу Бүлбүл аймагы борборунун чыгышындагы айылдардын колго алынышы менен террордук уюмдардын Африндин түндүгүнө карай кеткен стратегиялык логистикалык жолдордун тосулгандыгы билдирилди. «Зайтун бутагы» операциясынын 12 -  күнүндө Африндин беш аймагында 19 айыл, бир айыл астындагы отурукташуу жери жана бешөөсү стратегиялык тоо же дөңсөө болуп 25 жердин террордук уюмдан куткарылгандыгы билдирилди.

Түрк куралдуу күчтөрү жана операцияга колдоо берген Эркин Сирия Армиясынын күчтөрү операциянын мурунку баскычтарында Бүлбүл аймагында Шенгал, Зехран, Бали айылы, Курни, Хай Оглу, Хефтар, Урса айылдары менен Күрдо айылынын астындагы отурукташуу жерин, Ражу аймагында  Эдаманли, Али Бекки, Билал айылы, Өмер Ушагы, Мамел Ушагы, Сүлейман Халил, Сати Шаги жана Алкана айылдары, 915 – дөңсөөсү менен 740 – дөңсөөсүн, Шейх Хадид аймагында Шейх Хадид дөңсөөсү менен Кара Митлак айылы, Жиндерес аймагында Хаммам айылы менен Мерсидес дөңсөөсүн, Шеран аймагында да Бурсейа тоосу менен Кастел Жүндо айылын алды.



Тектеш кабарлар