«Зайтун бутагы» операциясы мыйзамдуу негизде жүргүзүлүүдө

Өлкөнүн ичинде жана тышында операцияга көлөкө түшүрүүнү максаттаган далилсиз бурмалоо аракеттери ишке ашпайт.

900850
«Зайтун бутагы» операциясы мыйзамдуу негизде жүргүзүлүүдө

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын, «Зайтун бутагы» операциясынын эл аралык укуктан келип чыккан өзүн-өзү коргоо укугунун алкагында жана мыйзамдуу негизде жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Калын Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Африн аймагындагы террордук уюмдарга каршы башталган «Зайтун бутагы» операциясынын 12-күнүндө, пландалгандай ийгиликтүү жана чечкиндүүлүк менен уланганын белгилеп: «Операция эл аралык укуктан келип чыккан өзүн-өзү коргоо укугунун алкагында жана мыйзамдуу негизде жүргүзүлүүдө»,-деп айтты.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн карапайым тургундардын жабыркабашы үчүн бардык чараларды көргөнүнө токтолгон Калын, операциянын бир гана чек ара коопсуздугун эмес, ошол эле учурда Африн элинин да тынчтык, коопсуздук жана бакубаттыгын камсыздай турганын баса белгиледи.

Түркиянын террорго каршы күрөшүүсүн чечкиндүүлүк менен уланта турганын айткан Калын: «Сирия жерлеринин ДЕАШ, ПКК, ПЙД, ЙПГ жана берки террордук уюмдардан тазаланышы алдыңкы максатыбыз. Өлкөнүн ичинде жана тышында операцияга көлөкө түшүрүүнү максаттаган далилсиз бурмалоо аракеттери ишке ашпайт»,-деди.

 



Тектеш кабарлар