«Зайтун бутагы» операциясынын 10-күнү артта калды

«Зайтун бутагы» (тынчтык) кыймылы пландалганы сыяктуу ийгиликтүү улантылууда.

899530
«Зайтун бутагы» операциясынын 10-күнү артта калды

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) Сириянын Африн аймагында уланган «Зайтун бутагы» операциясынын алкагында террор уюмдары ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө 616 террористти жок кылды.

ТККнын жарыясына караганда, «Аба күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн  кыймыл менен террор уюмары ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка таандык баш калкалоочу жай, үй жай, ок дары сактоочу кампа жана курал сактоочу жай катары колдонулган 9 бута атылды. Операцияга катышкан учактар коопсуз түрдө базаларына кайтышты”,делди.

Анда, «кыймылдын пландоо жана жүзүгө ашырылышында бир гана террористтер жана буларга таандык баш калкалоочу жай, үй жай, ок дары сатоочу кампа жана курал жайгаштыруучу жайлары, буктурма, унаа жана шаймандары бутага алынганы, жаран жана карапайым адамдардын жабыр тартпашы үчүн ар түрдүү чара көрүлүп, абдан аяр мамиле жасалууда”, экенине орун берилди.

Жарыяда ошондой эле, ««Зайтун бутагы» (тынчтык) кыймылы пландалганы сыяктуу ийгиликтүү улантылууда»,делди.



Тектеш кабарлар