Шериктештер Түркияны террор менен күрөшүүдө колдошу керек

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын,«Daily Sabah» гезити үчүн «Шериктештер Түркияны терроризмге каршы колдошу керек» аттуу макала жазды.

898743
Шериктештер Түркияны террор менен күрөшүүдө колдошу керек

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Сириянын Африн аймагына уюштурулган операциянын ДЕАШ менен күрөшүүгө зыян тийгизе турганын айтып чыккан батыштык өлкөлөрдү, террор менен күрөшүүсүндө Түркияга жардам берүү чакырыгын салды.

Ибрахим Калын, «Daily Sabah» гезити үчүн «Шериктештер Түркияны терроризмге каршы колдошу керек» аттуу макала жазды.

Макалада, «Түркия шериктештерин терроризм менен күрөшүүсүндө кандай колдосо, шериктештердин да ДЕАШ, ПКК же ФЕТӨ (Фетуллахчы террор уюму) айырмасын кылбастан Түркиянын терроризм менен согушунда жанында орун алышы керек»,-деп жазды.

Президенттиктин басма сөз катчысы, макаласында «Зайтун бутагы» кыймылына да токтолду.

Калын, айрым батыштык өлкөлөрдүн Түркиянын Афринге карай операциясынын ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн күрөшкө зыян тийгизгенин айтып чыкса да, операциянын Сириядан келген бардык террорист коркунучтарды жоюш үчүн жүргүзүлгөнүн жана мунун да Сириянын жеринин бүтүндүгүн коргоо багытында ташталган кадам болгонун белгиледи.

Калын айрыкча «Зайтун бутагы» кыймылынын бир өлкөнүн өзүн коргоосунун алкагында жүргүзүлгөнүн жана толугу менен мыйзамдуу болгонун айтып, эч бир өлкөнүн да бул мыйзамдуулукту сурабаганына басым жасады.



Тектеш кабарлар