Биздин чек араларыбызда чагымчылдык кылгандар мунун чыгымын оор төлөшөт

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Чорум облустук конгрессинин алдында атуулдарга кайрылды.

898720
Биздин чек араларыбызда чагымчылдык кылгандар мунун чыгымын оор төлөшөт
cumhurbaskani corum.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириядагы Бурсея дөбөсүнүн абдан кыска мөөнөттөн кийин террористтерден алына турганын айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Чорум облустук конгрессинин алдында атуулдарга кайрылды.

Африн аймагындагы террористтерге карай Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) баштаткан «Зайтун бутагы» операциясына токтолгон президент, кыймылдын 9-күнүндө 484 террористтин жок кылынганын маалымдады.

Аймактагы операцияны башкарган командирлер менен жолукканын билдирген Эрдоган, командирдин «Буюрса бир аздан кийин Бурсея дөбөсүн да каратып алабыз» дегенин баяндады.

Эрдоган: «Булар (террористтердин) дагы жакшы күндөрү. Беделин оор түрдө төлөшөт. Биздин чек араларыбызда чагымчылдык кылгандар мунун чыгымын оор төлөшөт. Афринде уланган бул күрөш Идлиб менен уланат»,-деп айтты.

Азезде учурда тынчтык бар экенин белгилеген Эрдоган: «Түштүктөн түндүктү көздөй чабуулдар уланууда. Бул калың карда, кышта Түрк аскери Эркин Сирия армиясы менен бирге жолун улантууда»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, конгресстеги сөз сүйлөөсүндө да Түркиянын зулумдарга каршы аесуз, жабыркагандарга карата боорукер мамлекет, түрк улутунун да боорукер бир улут экенин белгилеп: «Кечээки күнгө дейре «Аркабызды ЙПГга ПЙДга таядык» деп мамлекетибизге карай каршы турган кем акылдардын да тейлөөсүн шексиз нормалдуу кабыл алуудабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар