Чавушоглу «Der Spiegel» журналын төгүнгө чыгарды
Мевлүт Чавушоглу, «Германия, Түркиянын колундагы «Леопард» танкаларынын модернизация долбоорун тоңдурду» деген айтымдарды төгүнгө чыгарды.
![Чавушоглу «Der Spiegel» журналын төгүнгө чыгарды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f78f/a180/3c82/5a5eeb6ce3c75.jpg?time=1719100346)
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, «Германия, Түркиянын колундагы «Леопард» танкаларынын модернизация долбоорун тоңдурду» деген айтымдарды төгүнгө чыгарды.
Германияда чыккан «Der Spiegel» журналы Түркиянын Африн операциясынын себебинен немис өкмөтүнүн Түрк куралдуу күчтөрүнүн колундагы «Леопард» танкаларынын модернизациясы боюнча долбоорду тоңдурганын жазып чыкты.
Бул темага байланыштуу суроолорго жооп берген тышкы иштер министри Чавушоглу, «Леопард танкалары тууралуу комиссия чогулмак. Бул комиссиянын жыйналышы кийинкиге жылдырылды. Тоңдуруу же токтотуу деген нерсе жок. Түркиянын Коргоо өнөр жайындагы кызматташтыгынын толук бойдон жоюлганы деген нерсе эмес»,-деди.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719100346)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.