Хулуси Акар Кыймыл борборун иликтеди

Хулуси Акар, кургактык, деңиз жана аба күчтөрүнүн Кыймыл борборлорунда иликтөө жана текшерүү жүргүздү.

896411
Хулуси Акар Кыймыл борборун иликтеди
akar harekat merkezi inceleme1.jpg

Башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, кургактык, деңиз жана аба күчтөрүнүн Кыймыл борборлорунда иликтөө жана текшерүү жүргүздү.

Башкы штабдын төрагалыгынын интернет барагында орун алган жарыяга караганда армия генералы Хулуси Акар 22-23-январь күндөрүндө Кургактык, Дейиз жана Аба күчтөрү командирликтеринин кыймыл борборлорунда иликтөө жана текшерүүлөрдү жүргүздү.

Армия генералы Хулуси Акар, жанындагы  кургактык күчтөрү командири, армия генералы Яшар Гүлер, деңиз күчтөрү командири,адмирал Аднан Өзбал жана аба күчтөрү командири, армия генералы Хасан Күчүкакйүз менен кыймыл борборунан, «Зайтун бутагы» кыймылынын өткөрүү жана башкаруусунун белгилүү бөлүмдөрүнө катышты.

Технологиялык мүмкүнчүлүктөр эң жогорку деңгээлде колдонулган Кыймыл борборунан Ооганстан, Бельгиянын борбору Брюсселдеги НАТОнун штабы, Бония-Герцеговина, Косово, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Сомали жана Катар менен катар өлкө ичи жана тышында 91 башка штаб менен үндүү жана видеолуу байланышуу аркылуу маалымат бөлүшүү камсыздалды.

Айрыкча ар бир деңгээлдеги бөлүктөр менен координация жыйналыштары да технологиялык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланылып видео конференция түрүндө ишке ашууда.



Тектеш кабарлар