Трамп Эрдоган менен сүйлөшүүнү каалайт

Бул тема тууралуу маалыматты тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу берди.

895575
Трамп Эрдоган менен сүйлөшүүнү каалайт

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамп эртең сүйлөшүү өткөрөт.

Бул тема тууралуу маалыматты тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу берди.

Дипломатиялык маалымат булактарынан алынган маалыматка караганда, Чавушоглу «Химиялык курал колдонуунун жазасыз калбашы үчүн эл аралык өнөктөштүк» темалуу тышкы иштер министрлеринин жыйналышына катышуу үчүн барган Франциянын борбор шаары Парижде АКШлык кесиптеши Рекс Тиллерсон менен жолукту.

Жолугушуудан кийин журналисттерге маалымат берген Чавушоглу: « (Зайтун бутагы кыймылы темасында) Сезимталдыгыбызды дагы бир жолу билдирдик. Президентибиз эртең АКШнын президенти менен сүйлөшөт»,-деди.

«Урматтуу Трамп, президентибиз менен сүйлөшүүнү талап кылууда»,-деди Чавушоглу.


Этикеткалар: #Трамп , #Эрдоган

Тектеш кабарлар