Азез шаарында 500 чатыр курулду
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Сирияга карата гуманитардык жардам иштерин үзгүлтүксүз улантып жаткандыгын билдирди.
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Сириянын Азез шаарында 3 миң кишилик 500 чатырдын курулгандыгын белгиледи. Чавушоглу твиттерден берген маалыматында Сирияга карата гуманитардык жардам иштерин үзгүлтүксүз улантып жаткандыгын билдирди.
Түркиянын 3 жарым миллион сириялыкты коноктоп жаткандыгын, 21 лагерде 235 миң кишиге жашоо мүмкүнчүлүктөрүн түзүшкөндөрүн эске салган Чавушоглу маалыматында бул сөздөргө орун берди : «Афринде «Зейтин далы» кыймылынан мурда Идлибде 700 чатырдык эки лагерь курдук. Эми Азезде 3 миң кишилик 500 чатыр куруудабыз. Келгендердин азык – түлүк, гигиена сыяктуу негизги муктаждыктарын да бул лагерлерде камсыз кылуудабыз. Дайыма бизге муктаж болгондордун жанында болобуз».
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.