Акар - Данфорд жолугушуусу

Акар кечээ башталган Брюсселдеги НАТО аскердик комитеттин башкы штаб төрагаларынын жыйынына катышты.

890331
Акар  - Данфорд жолугушуусу

Башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Хулуси Акар Бельгиянын борбор шаары Брюсселде НАТО аскердик комитеттинин башкы штабдын  төрагалар жыйынын негизинде АКШнын башкы штаб төрагасы армиянын генералы Жосеф Данфорд менен жолугушту.

Башкы штаб төрагалыгынын интернет сайтынан берилген маалыматка ылайык армиянын генералы Акар кечээ башталган Брюсселдеги НАТО аскердик комитеттин башкы штаб төрагаларынын жыйынына катышты. Жыйында Европанын түштүк  - чыгыштагы коопсуздук жана ырааттуулук, Афганстанда аткарылган Чечкиндүү колдоо миссиясы, НАТО командирлик түзүлүшүнүн иштери, Украина жана Грузиядагы абалдар менен Иракта аткарылган коалиция кыймылы темалары сөз болду. Акар жыйындын негизинде АКШ Европа күчтөр командири, армиянын генералы  Кертис М. Скапарротти жана УКраина, Греция, АКШ, Испания жана Германиянын башкы штаб төрагалары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Башкы штабдын төрагасынын АКШлык кесиптеши менен жолугушуусунда күн тартип беренеси АКШнын ПКК/ЙПГ террордук уюм менен жалгандан армия куруу демилгеси болду. Акар кесиптешине Түркиянын коопсуздугуна коркунуч туудурган жана бир тараптуу деп аталган ПЙД – ЙПГ чечиминен улам санаасын билдирди.

АКШнын бул чечиминен кайтышы керектигин айткан Акар Түркиянын ДАИШке каршы коалициянын бир бөлүгү экендигин эске салды.

ДАИШ менен күрөшүү тууралуу чыгарылган чечимдердин түздөн түз Түркияга таасирин тийгизерин  айткан башкы штабдын төрагасы мындан кийин чыгарыла турган чечимдерде Анкара менен кеңешүү керектигин баса белгиледи.

Эки командир түрк куралдуу күчтөрүнүн жакындап келе жаткан Африн операциясынан мурда Сириядагы акыркы абал жана аймактык коопсуздук маселелерин кенен түрдө карап чыгышты.



Тектеш кабарлар