Көз ооруларын дарылоодо жаңы ыкма

Түрк илимпоздору, компьютер оюндары менен дарылаган система ойлоп табышты.

885414
Көз ооруларын дарылоодо жаңы ыкма

Начар көргөн көздөр эми компьютер оюндары менен айыгат.

Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин изилдөөчүлөрү, көзү начар көргөндөрдүн көрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу максатында интернет аркылуу көз кыймылдары менен гана ойнолгон компьютер оюндарын иштеп чыгышты.

Оюндар аркылуу кишинин өз ыктыяры менен белгилүү жерге, белгилүү мөөнөткө карашы жана багытталышы камсыздалып, чындап эле карап же карабаганы так байкалат. Классикалык реабилитация процесстерине караганда, кызыктуу система болгондуктан көпкө чейин көнүгүүлөрдү жасоого болот.

Ушунун негизинде көз алсыздыгы (амблиопия же жалкоо көз) ылдам түрдө калыбына келет.

Экранды карап тургандар, компьютер экранында бир калыпка келтирүү, секирүү, байкоо, сүрөт бөлүү, борбордук жана чөйрөнү көрүү сыяктуу категорияларда ар түрдүү оюндар менен көз көнүгүүлөрүн оңой эле жасай алышат.

Түркиялык илимпоздор тарабынан сыноолор өткөрүлгөн система ушул жылдын ортолорунда жалпы колдонууга ачылат жана бардык муктаждыгы барлар колдоно алышат.



Тектеш кабарлар