Бурсада Junioshow ачылды

Жарманке 13 -  январга чейин ачык болот.

885581
Бурсада Junioshow ачылды

Бурса бөбөк  жана балдардын даяр кийим жана муктаждыктары жарманкеси (Junioshow) ачылды.

Эл аралык жарманке борборунда өткөрүлгөн жарманкенин негизинде 50 өлкөдөн миңге жакын чет элдик алуучу шаарга келди.

Балдардын даяр кийим модасын белгилеген жарманке өлкө ичинде жана өлкө тышында маанилүү алуучуларын тосуп алууда. Сектордо ырааттуу түрдө өскөн Бурса бөбөк жана балдар кийимин чыгарууда  чоң үлүшкө ээ.

Ошол эле учурда  тармагында Түркиянын эң чоң жарманкеси болгон Junioshow эл аралык бир күбөлүккө да ээ болду. Беш башка залдан турган 30 миң метр квадраттык аянтта 200гө жакын фирма жаңы продукцияларын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө жетишет. Жарманке 13 -  январга чейин ачык болот.



Тектеш кабарлар