Демир чиркөөнүн ачылышы эл аралык коомчулукка берилген абдан маанилүү белги

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Стамбулдун Балат районундагы Демир чиркөөнүн ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

883318
Демир чиркөөнүн ачылышы эл аралык коомчулукка берилген абдан маанилүү белги

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Демир чиркөөнүн ачылышынын жасалышы эл аралык коомчулукка берилген абдан маанилүү белги болгонун айтты.

Президент Эрдоган, «Ишеничи жана теги эмне болсо болсун ар кимдин эркин түрдө ишеничин жашай алуусун камсыздоонун мамлекеттердин жоопкерчилиги экенине ишенүүдөмүн»,-деди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Стамбулдун Балат районундагы Демир чиркөөнүн ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө, «Ушундай бир мезгилде ачылышынын жасалып жаткан болушун эл аралык коомчулукка берилген абдан маанилүү билдирүү катары баалаймын»,-деди.

«Тарыхтын белгилүү бир мезгилинде болгон кайгылуу эскерүүлөр, биздин дагы жакын жана дагы терең жанаша жашоо тажрыйбабызга көлөкө түшүрбөшү керек»,-деп айткан Эрдоган: «Ошондуктан бизде мындай нерсе бар; көптүктө биримдик түшүнүгү бар. Бул биздин чындыгында бардык ишеничтерге, ой-пикирлерге ж.б. мамилебизди көрсөтүп турат, мындайча айтканда көптүктө биримдик»,-деп айтты.

Эрдоган: «Акыркы 15 жылда өлкөбүздөгүлөр менен катар Балкан, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Түштүк Азия, Орто Азия жана Чыгыш Европаны камтыган кеңири аймакта 5 миңден ашуун чыгарманын рестоврациясы Түркиянын салымдары менен ишке ашты»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар